2020-08-0618:27

Ч. Абыкеев: “Манас күмбөзүндөгү алтындан кийин кара куурай өстүрөбүз”

2020-06-15 12:36 641

Ч. Абыкеев: “Манас күмбөзүндөгү алтындан кийин кара куурай өстүрөбүз”. Кыргыз элине чолпондой жанам деп, улам кулап түшкөн Чолпонбек Абыкеев аттуу жазуучу бар. Коомчулукка кошоматчылыгы менен акыркы он жылда белгилүү болуп келүүдө. Курманбек Бакиевдин оң колу аталып, Манас күмбөсүнүн күн чыгыш тарабынан тили бурул адамдарды алып келип, алтын табарман аталып, алтын казып атагы алыска кеткен. Эми дагы бийликтин камчысын чаап чабармандыка салып “кара куурай” өстүрөбүз деп чыкты. Элди ойлобой ач көздүк экономиканы ойлогон Абыкеев кичине карылыкка берилип, алжып баратабы деген ой келет экен. Деги аксакалдарыбыз жакшы карыса. “Кара куурай калкты кураткан”-деп академик Жамин Акималиев айтып жатса болбой, өзүнүн “кара куурай” түшүнүгүн кулакка куйган Чолпонбек агайыбызга анча эмне болгон? Кара куурайы жок эле тоо кендерибизди, алтынды эл пайдасына иштетип алсак, өндүрүш болбойт беле. Эми “алтынмафиясы” бүтүп, “наркомафияга” киргени калдыкпы...


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү