2020-08-0619:18

Кубатбек Боронов болмой болду

2020-06-16 10:05 700

Кубатбек Боронов болмой болду. Азыркы тапта агасы инисин коймой, акеси үкөсүн коймой заман болду. Өкмөт башчы кеткени менен өкмөт курамы ошол бойдон калат. Ушундай  таризде: трайбалистик, тааныш-билиш, тааныштардын жакшы таанышы, куда, куданын кудасы, жээни, жээн-бөлөлөр, мурун жакшы мамиледе болчубуз, достор, агамдын достору дегендер кызматка келмей. Бир гана “бирөөнүн” сөзүн сүйлөп “ляппай”, “хоп майли” болсо болду. Көпчүлүктүн кебин сүйлөсө көөп кетет. Элдин сөзүн сүйлөсө эпчилдикке салып кетет критерийине кирген кадрдык заман өкүм сүрүп, өкүм чыгарган өйдө жактагынын ойу менен болгон көз  караш. Ага жакпай калсаң кечке жүрөгүң ооруп жүрмөй, сооротконуң жок болсо соороно албай кечинде жумуштан арыз жазып кетмей. “Өзү” кетсе “мүчөсү” калат. Анысыңары М.Абылгазиев кеткени менен К.Боронов өкмөт башчы болот. Мындай шыбыр-шыбыр шыбыш кептердин кулагы чыга баштады. Эске сала кетсек, Кубатбек Бороновдун  “айылда эшек мингендерди көрбөй, машина мингендерди көп көрчү болдук, анан кантип экономикабыз көтөрүлбөсүн”-деген жери бар. Эшектерибиз экспорттолуп, машиналар импорттолуп келип жатканын да эми эсептеп программасына киргизет болуш керек...    


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү