2020-08-0619:07

Өлкөдө зордук-зомбулук күчөдү

2020-06-19 09:56 508

Өлкөдө зордук-зомбулук күчөдү. Азыркы тапта адамдар ачулуу. Ачуусун колуна алалбай калды. Калтырап-титиреп жинденгендер көбөйдү. Жыл башынан баштап көпчүлүк аялдар киши колду болуп каза болууда. Аялзатына болгон ур-токмок күч алды. Жинденген эркектер жинин жубайынан чыгарып, анын натыйжасында көз-көрүнө аялдарын өлтүргөндөрдүн саны өсүп жатат. Ачык айтканда, балдарынын энеси экенине карабай башынан ылдый ысык суу куюп денесин күйгүзгөндөр, бензин чачып өрттөгөндөр, жандуу жерин тепкилеп жанын чыгаргандар, эмне дебейли мыкаачылар, канкорлор жайылып баратат. Кечээ күнү чогуу жашап жүргөн аялын чак түштө, көпчүлүк элди каратып, муздап салган эркекти милиционерлер Бишкек шаарынын борбордук көчөсүнөн кармап кеткен. Буга кам көргөн, алдын-алуу иштерди алып барган бийликтин  бир органы көрүнбөйт. Бийлик өзүнүн бийлиги менен, эл өзү менен өзү болуп калды. Жалпы мамлекеттик иш чараны ким алып барат.... Бул зордук-зомбулуктун күч алышы аябай жаман көрүнүштөн, жамандыктан кабар берет. Эгер мындай боло берсе, ушундай адамсыздык сапаттан башыбыз чыкпай калышы мүмкүн. Күнүгө аялзатынын кордугу көрүнүшкө айланууда.  


автор: Баян

Бөлүшүү