2020-08-0619:55

Эрежелеп окуган КР ЖКнын депутаты Г.Асылбаева эреже киргизеби

2020-06-19 10:47 465

Эрежелеп окуган КР ЖКнын депутаты Г.Асылбаева эреже киргизеби.  Кыларга иши жоктор кыл жиптен кыйкым таап келишет. Колуна даярдап, бетине кармап берген нерсени тамгалап окуган депутаттар калкты Европадан келген мыйзамдарды  көчүрүп алып сунуштап келишет. Анын катарына Гүлшан Асылбаева кирди. Ал жакында интернеттен Францияда чыккан мыйзамды окуп алып, кирди-чыкты ойун таңуулап, сөз эркиндигине, кептин пикирине, ойун айтуу же жазууга тосколдук келтирүүчү “тосмо” мыйзамын алып чыгып жатат. Эгерде ал мыйзам чыкса жарандардын эркиндигине чектөөлөр чектеп коюшу мүмкүн. Мындай ойдун чыгышына Гулшан айымдын кайненесине соцсеттердеги жазуулар, жүрөк оруусуна алып келгени себеп болгон. Серепчилердин белгилөөсүндө эгерде бул мыйзам ишке ашса жарандардын укугун басмырлоого барарын белгилешет.  Кандай болгон күндө дагы биз нааразы болгон учурдагы фейктер союз убагында дагы пайдаланылып келген. Анда “псевдоним” деген ат менен чыгышкан. Фейк дегенибиз менен, анын артында адам турат. Анын ойу берилип келет. Эң кызыгы өз ойун ачык билдире албаган мамлекеттик кызматкерлер фейк аркылуу пикирлерин жазып турганы белгилүү.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү