2020-08-0619:12

Өлкө башчы Москва парадынан көрүнгөн жок

2020-06-24 13:35 1699

Өлкө башчы Москва парадынан көрүнгөн жок. Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ күнү Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парадга катышуу үчүн Москва шаарына учуп кеткени маалым болгон. Бүгүн Россия өлкөсүнүн президенти Владимир Путин баштаган чет өлкөнүн бир нече башчыларынын арасынан Кыргызстан өлкөсүнүн башчысы С.Жээнбеков көрүнгөн жок. Көрсө, өлкө башчыны коштоп барган Президенттик аппаратынын эки кызматкеринен “Короновирус” оорусунун вирустары табылганы кабарланууда. Алардын билдирүүсүндө Президенттик аппараттын сырткы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков жана күзөт бөлүмүнүн кызматкерлеринен COVID-19 дарты чыккан. Ушундан улам өлкө башчысы Улуу Жеңиштин салтанатына катышпоону туура көргөн. Эмне үчүн биздин дарыгерлер муну алдын ала караган эмес.Ушундан улам коронавируска атайын түзүлгөн штабдын чалакайың иштегени билинүүдө.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү