2020-09-1911:20

Мында депутат баасы 6 млндон 10 млн сомго көтөрүлөбү?

2020-08-07 11:32 335

Мында депутат баасы 6 млндон 10 млн сомго көтөрүлөбү?  Бул суроону суратпай эле, ошол баага КР ЖК бир депутатынын баасы бычылып бараткандай. Эгерде Адахан Мадумаров айткандай өткөн шайлоо шарапатында бир депутат баасы 6 млн сомго барса, бул жолкусу Жанар Акаев белгилегендей 1000 миң сомдун ордуна 50$  доллардан таркатылса бир депутаттын наркы 10 млн сомго жетип калгыдай. Учурда эски адатына келип акылдуулар эмес акчалуулар, билимдүүлөр эмес көпкөн көпөстөр бара жатат. Ага биринчи кезекте бийликтин партиялары жан талашып жан үрөп жатканы. Кийинки Парламент дагы базарчылардын баарлашуусу боло тургандай  болуп калды. Кезек элдин добушунда турат. Эгер эл оңолсо бийликти да оңдоп алат. Мурункудай сатылма адатына түшсө, анда сатып алмайлар дагы келет. Ошентип өлкөнү өз колубуз менен акчаны жакшы көргөндөргө салып беребиз. Өлкө казынасы толбой капчыктуулардын капчыгын кампайтабыз. Ойлоно турганга мезгил келди. Капчыктуулар келсе эл билимин көтөрүп, добушту мамлекетти ойлогон мекенчилдерге бериш керек.

  Баян   


автор: Баян

Бөлүшүү