2020-09-1912:26

Бийликтен кетип, оппозициялык партияларга өтүп кетишти

2020-08-12 11:44 578

Бийликтен кетип, оппозициялык партияларга өтүп кетишти. Ушундай көрүнүш ушундай абалды жаратып жатат. Учурда ак үйгө нараазычылыктар көбөйгөн  элдин саны өсүүдө. Бийлик кантип абройун көтөрүүгө аракет кылбасын,андан майнап чыкпагыдай. Өлкө башчы кыргыз радиосунан улам чыгып сүйлөбөсүн,сөзүнөн чалынып жатканы ачык көрүнүш болуп калды. Акыркы  учурда ак үйдөгү кадрлар, “Катани” каймана аты бар Өмүрбек  Суваналиев коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басарынан “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын программасын колдоп жогорку кеңешке аттанышы чоң жаңылыкты жаратты. “Азыркы бийликти жакшы билем, билгенимди  Бүтүн Кыргызстан партиясынын тили менен айтып чыгам” -дегениби. Дагы бир ак үйдүн өкмөт башчы болом деген белгилүү кадры, Өкмөттүн Ош областындагы ыйгарымдуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев “Республика” партиясы менен парламентке бармай болду. Барктууну билбесеңер баркыңар кетет дегениби ... Күзүндө күркүлдөгөн чоң саясаттын агымы келе жаткан өңдөнөт. Деги өлкөбүз сак болсо экен.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү