2020-09-1911:53

СДПК партиясы шайлоого барбайт

2020-08-13 09:54 474

СДПК партиясы шайлоого барбайт. Бийликтин партиясы аталып келген СДПК бул жолу КР ЖКдан орун албай турган болду. Партиянын мыйзамдуу төрагасы Сагынбек Абдрахмановдун билдирүүсүндө, ушул жолку шайлоодо СДПК биротоло тазалануу жолуна түшөт. Партияны жаман аттуу кылган жегич, ууру-кески көпөстөр кымтып алган акчаларын башка партияларга чачыладай чачып, алардын катарына кирип жатканы менен түшүндүрдү. Мындай жемкорлордун СДПКдан жок болушу  биз үчүн тазалануу, жаңылануу болот- деди партиянын төрагасы. Айта кетсек, СДПК партиясынын мураскерлик жолу менен үч өлкө башчысы чыккан. Алар Роза Отунбаева, Алмаз Атамбаев анын досу Сооронбай Жээнбековдор. Айтылып жаткан партия дагы эле болсо бийликтин башында турат. СДПКдан келген Президент ошол бойдон СДПКчы болору анык. Аны эч ким тана албайт. Жакында Сагынбек Абдрахмановдун дагы бир билдирүүсүндө кайсы бир партия менен биригүүсү болорун белгилеген жери бар. Кеп соңунда, партиянын карапайым мүчөлөрү калып, капчык толтургандар аларды таштап, башка партия менен бийликке аттанышты. Кыргызда бекер айтылбаса керек “Саткындык сарт жолунда калбайт”-деген.

 

 


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү