2020-09-1911:39

“Бирик” бириктирбей биригип кетти

2020-08-14 10:13 615

“Бирик” бириктирбей биригип кетти. Жаштардын кыялында бир көтөрүлүп чыгат дагы, көпөстөрдү көргөндө “көтөрүм” болуп калмайы адатка айланган. Эми “Бирик” партиясы бириндейби? Мурун эле “бирик” Раимдин долбоору беле? Ушуга окшогон суроолор биринин артынан бири бириндеп чыга баштады. Анын жаралышына да эбеп-себептердин серпиндилери себеп боло алгыдай. Кечээ “Бирик” партиясы “Мекеним Кыргызстан” менен бирикти. Муну укпаган  Ош шаарынын “Бирик” партиясынын мүчөлөрү төрагасы Кылыч Исамамбетовго нааразычылыктарын  ачык билдирип чыгышты. Канткен менен, бул дагы бийликке бармайдын бир жабышмайы. “Колунда бар бала сүймөнчүлүктү”-демекчи “Бирик” партиясынын башчысы Раиммиллионду сүйүп калса эмне кылсын. Анын аркасында акча, акча артында бийлик бутагы болушу мүмкүн. Бирок, аларды “акырдын” акчасына эмес, эл добушу чечет? ...   


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү