2020-09-1911:30

Бийлик көпөс-капчыктууларды колдоду

2020-08-18 11:52 575

Бийлик көпөс-капчыктууларды колдоду. Ушундай көрүнүш келе жаткан шайлоо камылгасынан көрүнүп калды. Бийликтин партияларына жалаң Раиммилион, Аюу-Шаки өңдү байлыктуулар чогулуп, калайык-калкты  аңдөөлөттөн  кетирип жаткан учуру. Ал эми оппозицияга кадырлуулар чогулуп жатат.  Бул кармашта кадырлуулар менен капчыктуулар кармашат сыягы. Ата-Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ак сакалдык жолун бошотуп, жолун жаштарга берсе, Бүтүн Кыргызстан аксакал дегенибиз менен жалаң тажрыйбалуу адамдарды чогултса, Республика партиясына аттуу-баштуулардын балдары баш баккан. Ал эми бийликти “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” партияларына баягы эле “чимкириктер” үйүлүп калганынан кабар берет.


автор: Баян

Бөлүшүү