2020-09-1911:10

Данияр Үсеновдун арбагына багышталып куран окулган эмес

2020-08-19 11:18 489

Данияр Үсеновдун арбагына багышталып куран окулган эмес. Өлүү-тирүүсү белгисиз болгон Бакиевдин убагындагы өкмөт башчы Данияр Үсеновдун “көрүнчүсү” Белоруссиянын Минск шаарында көрүнгөн. Бирок ага окшош киши өзүн Данил Урицкий деп тааныштырган. Данияр Үсенов 2013-жылы Филиппин өлкөсүндө өлгөнү жөнүндө айтылган. Анткени менен, Кыргызстандагы жесир жубайы  КР ЖКнын депутаты Динара Исаева күйөөсүнүн арбагына багыштап, элди чакырып, ошол эле кесиптештери депутаттар менен “куран” окутканы байкалган эмес. Жакында бул чулгандуу чуу айтылган окуя, Белоруссиянын президенти Лукашенко “Данияр сен чынчылсың, беларус эли да, кыргыз элиндей эмгекчил” – дегенинен кайра көтөрүлгөн. Учурда Данияр Үсеновдун “көрүнчүсү” Данил Урицкий дагы Белоруссиядан көрүнбөй кеткен. Данияр, Данилдердин көрүнчүсү каяктан көрүнөт, дагы издөө салат окшойбуз. Мүмкүн, Динара айым кабардыр. Андан да сураганга туура келет. 


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү