2020-09-1912:19

Топтой тепкиленип ойнолгон Темир Сариев

2020-08-24 11:41 217

Топтой тепкиленип ойнолгон Темир Сариев. Бул келе жаткан жогорку кеңештин шайлоочусу Темир мырза үчүн чоң сабак болду. Өзүнүн “Ак шумкар” партиясы туруп, ары-бери кылчактап жатып, башка партияларга үйүр боло алган жок. Анысын өз мойнуна алды. “А”дегенде “Ата-Мекен” социалистик партияга башын тыга койду эле, анын кончунан чыгып кеткенге дуушар болду. “Б” дегенде “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясына көз арта койду эле, койгулашып-талашып жатып, андан да жолу болбой калды. Ошентип, этегинде шайлоосуз отурду. Мында, Темир Сариев катуу сокку алды. Кайрадан түшүп кеткен рейтингин кантип көтөрөт, бул дагы чоң маселе болду. Ал эми Ата-Мекен партиясы жаштарды, жаңы демди кабыл алса, Бүтүн Кыргызстан партиясы тажрыйбалуу саясатчылар, ардактуу генералдар менен бара жатат. Жыйынтыгында саргайып, өңү суз болгон Сариевдин, алардын арасында орду жок болуп чыкты.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү