2020-09-1910:59

Баягылар баягысын кылып жатат

2020-08-25 11:47 249

Баягылар баягысын кылып жатат. Ушулардын ушундайынан баягыда демилгеси жок кыбырагандар, ашуу ашкан ашууну жөнөкөй ыкчам ыктыярчыларга демилгени алдырып жиберди. Баягылардын баягысы демекчи, баягы  М. Абылгазиевдин кылган кылыгын азыркы кашаң өкмөт башчы Кубатбек Боронов июль айынан бери күчөгөн “пандемия” оорусунда шалакылыгы  эл көзүнө көрүнүп ачыкка чыгып калды. Дүйнөлүк көз салуучулардын билдирүүсүндө мындай дарттан элдин биргелешкен биримдиги  Кыргызстанды алып чыгып кеткен. Адам өлүмү учурда 1500ге жеткен, эгерде өкмөттү карап тура бергенде өлүм мындан эки-үч эсеге чейин жетүү мүмкүн эле. Азыр, азыркы турган Ак үйдөгү бийликке нараазычылык  көпчүлүктө күчөдү. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен Өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун кадыр-баркы  кескин ылдыйлап кеткени маалым болду. Оору жогорулаганда уюштуруу, ыкчамдык иштери аябай төмөн түшүрдү. Кыскасы, бийликтин кадырын кетирди. Ыктыярчылар чамынып чыкпаганда канчалаган адамдардын өмүрү дагы чабылат эле ... Дагы эле болсо кадрлардын чабалдыгы көзгө көрүнүп турат. 


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү