2020-09-1911:45

Шалдыраган Шаилдабекованын шайы кетти

2020-08-25 12:41 496

Шалдыраган Шаилдабекованын шайы кетти. Эки күндөн бери “Кыргызстан” партиясы БШКга өз убагында документтерин тапшыра албай калганы, кулактын кужурун алды. Журналисттердин талабы менен көрсөтүлгөн видео, каттоодогу журналдын чиймелениши талаш-тартышты, талкууну жаратты. Буга өзүнүн буйругу менен көрсөттүргөн БШКнын төрайымы Н.Шаилдабекова дагы таң калыштуу окуяга туш болгондой, оозу ачылды. Журналисттердин суроосуна жооп бере албай, сөз таппай, сөзүн таптап араң жооп берди. Эми эмне болот? Бул суроо кабыргасынан коюлуп жатат. “Кыргызстан” партиясы шайлоо катарынан чыгабы? Эгер чыкпаса бийлик партиялары аталган  “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Замандаш”, “Ыйман Нуру” партияларына залакасы тийип калары анык. Мындай көрүнүш өлкө башчысы С.Жээнбековго, өкмөт башчы К.Бороновго дагы көлөкөсүн түшүрбөй койбойт.   


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү