2020-09-1912:51

Сайдулла Нышанов кайсы сайда жүрөт

2020-08-27 09:23 447

Сайдулла Нышанов кайсы сайда жүрөт. “Сүмбүл” аттуу атак-даңкка ээ болгон, аталышы “Ата-Мекенчи”, жагалданып бийликке ыктаган Сайдулладан кабар жок. Жердештери Базар-Коргондуктардын айтуусунда, адатына салып бийликтин партияларына аттануу максатында туулган жерине штабдарды ачып жакшы эле киришти эле, андан майнап чыкпай, “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Замандаш”, “Кыргызстан” партиялары жолотпой койгондой. Айта кетсек Сайдулла-Сүмбүл, Атамбаевга кыргыз эл баатыры деген наамды көтөрүп чыгып, Атамбаевдин ардак грамотасын алган жери бар. Андан кийин Ата-Мекен фракциясынын лидерлигин  талашып А.Мамашовага алдырып жиберген. Бул жолу канчалык деңгээлде Сүмбүлдүн ролуна кирбесин, ал ролдон персонаждуу каарман чыккан жок. Кайда жүрөт кыргыздын Сайдулла-Сүмбүлү...


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү