2020-09-1911:31

Талапкерлер бийлик партияларынан чыга баштады

2020-08-27 10:19 1447

Талапкерлер бийлик партияларынын чыга баштады. “Ата-Мекен” фракциясынан  барган Каныбек Иманалиев келерки жогорку кеңештин  спикерлигин көздөп бийликтин “Мекеним Кыргызстан” партиясынын сап башында турду эле, качан аталган партиянын катарынан Ахматбек Келдибековдун аты чыга баштаганда, Каныбек Иманалиевдин дайын-оту чыкпай калды. Эми кийинки спикерлик кресло Ахматбек Келдибековго тиет окшойт. Партиянын башында турган Раиммиллион, Ахматбек Келдибековдун баласынын өкүл атасы болсо, Ахматбектин өзүнүн атасы болуп кеткен жери бар. Ал эми дагы бир бийликтин баш партиясы “Биримдиктин” маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси Урмат Усенов партиялык тизмедеги талапкерлигинен баш тартты. Үсеновдун билдирүүсүндө жөнөкөй үй-бүлөдөн тарбиялангандыктан, жөнөкөй бойдон калуусу келген.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү