2020-09-1912:38

Көпчүлүк  шайлоонун таза өтөөрүнө көзү жетпейт

2020-08-27 11:02 165

Көпчүлүк  шайлоонун таза өтөөрүнө көзү жетпейт. Азыртан эле БШКнын төрайымы Н.Шаилдабекованын шалакылыгы шаңга айланды. Болгондо да “Кыргызстан” партиясынан кийин боткосу ачыка чыкты. Мамлекеттик БШКнын каттоо журналын карасаң, мектеп окуучусу да күндөлүгүн андай чиймелеп булгабайт. Уялбай Н.Шаилдабекованын регистрация журналын көрсөткөнүнө караганда уяты жок эле экен. Демек, БШКнын иши ушундай жүрүп жатыптыр. Жадаганда саат жебелерин тууралап туура кое албай, “туураланып” иштешкен. Ушуга анан кантип, эл ишенсин. БШК бардак, ботко болду. Эми Шаилдабекова кызматынан алынабы? Мындай суроо жаралды. Бул шайлоонун башы чыр менен башталды, аягы кандай бүтөт ... “Мекеним Кыргызстан” партиясынын жарнактык ырын Бек Борбиев ырдап жатат. Ага көңүл бурган эч ким жок. Кайран БШК ...


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү