2020-09-1912:25

Суракматовду сурай турган бирөө барбы

2020-08-28 10:38 407

Суракматовду сурай турган бирөө барбы. Борбор Бишкек шаарынын жашоочуларын  шаар мэри Азиз Суракматов өзүнүн чалакайыңдыгы менен кыйнады го. Өзүңөргө белгилүү болгондой ушундай кадрлардын кесепетинен коронавирус оорусунан 1500 адам каза болду. Бул врачтарга гана белгилүү. Үйүндө жатып ооруканага жетпей канчасы каза болду дейсиң. Маселен, Жалал-Абад, Ош шаарларында узбек улутундагылар сөөктү эки саатка жеткирбей жерге беришкен. Алардын  айтуусунда ызылуулай, денеси муздай электе жерге берүү керек. Алардан канча чыкты билгисиз. Эми Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов пандемия оорусун алдын-ала алган жетекчи болумуш болуп,  коомдук тарнспортту түшкү саат 11ден 14ге чейин токтоткон. Кызыгы, 11ден 14ге чейин остановкаларда күткөн эл, 14төн баштап маршруткаларга, троллейбус-автобустарга  буттарына-буттары жанашып, мурдулары бири-бирине тийишип тыгын болууда. Мына Суракматовдун жугуштуу оору менен күрөшкөнү. Деги, Кудайга жага турган иш кылса болбойбу. Анан биздин бийлик отурат Кудай кааласа экинчи толкуну болот деп. Андан көрө коомдук транспортту тынымы жок эле жүргүзсүн.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү