2020-09-1912:12

Канат Исаев турган элди шылдыңдады

2020-08-28 11:25 1058

Канат Исаев турган элди шылдыңдады. Мына келечектеги жогорку кеңешке дагы келем деген, көпкөн-көпөс талапкер. Көпөстөрдүн көзүнө көрүнүп, артынан чыгаарда ушинтип эл көзүнө көрүнүп калчу эле. Бул да болсо биздин Кыргызстандын депутаттарынын деңгээли. Бекеринен бул партиянын башы арактан көтөрүлбөсө керек. Мындай жагдайда, бир кезде дагы бир көпөс туш болгон. Ал Бакиевдин багуусундагы генерал Мурат Суталинов муштумун чыканагына коюп алып көрсөткөн. Акыры элдин каргышы тийди. Абакта алапайын таппай элден кечирим сураган. Эми ушундай көпкөндүк жагдай менен Канат Исаев сөлпүйгөн сөөмөйүн топ элге көрсөтүп кетти. Көргөн элдин каргышына бул дагы калды. Анан кантип элдин добушун алсын. Канат жолуң сөөмөй болуп калды. Ошонуң өзүңө көрүнүп кала турган болуп калды окшойт. Элдин көзү сага түштү.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү