2020-09-1910:51

Байлар, баягылар “Биримдик” партиясына бирикти

2020-09-01 10:27 1764

Байлар, баягылар “Биримдик” партиясына бирикти. Коомчулукта аталган партиянын тизмектелген тизмеси талкуу жаратты. Алардын катарында сөз эркиндигине бөгөт коем деген Гүльшат Асылбаева, манап мүнөздүү Азамат Арапбаев, Президенттин өзүнүн уялаш иниси Асылбек Жээнбеков, СДПК фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, жаш кезинде кыз зордуктоого шектелген, шектүү Төрөбай Зулпукаров, Данил Урицкий (Данияр арбактын көрүнчүсүнүн) аялы Динара Исаева, дагы көптөгөн байлыкты мыкчыган мыкчыгерлер бара жатат. Айта кетсек, “Биримдик” партиясын бийликтин №1 партиясы  аталып келет. Азыркы бийлик деле эски бийликтен айырмаланбай ошолордун ошолорун кайталагандай. Качан “кайталанба” жолдон качабыз. Баягылар дагы баягысын кыла берет. Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт. Ушулар дагы келсе, өзгөрүү болбой “өзгөчөм” болоору анык.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү