2020-09-1911:58

Бийлик жесир Динара Исаеваны дагы бийликке алып келет

2020-09-01 12:22 1553

Бийлик жесир Динара Исаеваны дагы бийликке алып келет. Мындай көпчүлүктүн көз карашы бийликтин партиясы деген “Биримдик” партиясынын тизмесинен Данияр Үсеновдун жесири Динара Исаева №40 болуп катталган. Белоруссиядагы бизнесмен Даниил Урицкий Данияр Үсеновду 2013-жылы өлгөндүгү жөнүндө кабарланган. Бул кабардын чын төгүнү ачыкка чыгып Белорус Президентти А.Лукашенко Даниил Урицкийге Данияр деп кайрылып, кыргыз экенин жалпыга кабарлап койгон. Ошондо  Данияр Үсенов көрдөн-көрүнчүгө, көрүнчүдөн-көпөскө айланган. Анын дагы бир далили Данияр Үсеновдун жесири Динара Исаева айым, бир дагы жолу Даниярдын арбагына багыштап куран окуткан эмес. Демек, бул алдоо жолу. Данияр Үсенов чын дүйнөгө кетпей эле “жалганда”  жалгап жашап жатат. Ал эми анын жубайы Динара айым “Данияр-өлүк” аталгандан бери Ак үйдө депутат болуп жүрөт. Бул да болсо, качантан бери келе жаткан бийликтин адаттагы жүзү.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү