2020-09-1911:27

БШКдан чыр чыкты

2020-09-04 12:04 980

БШКдан чыр чыкты. А. Мадумаровду ажыке баштап сатып кеттиби ... “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын бүтүндүгүнө залакасын тийгизгендер ичинде жүрүп бүлүк салды. Этегинде келип башы айланган БШКдан чырлашуу болду. Ал чыр маселе сотко жетет окшойт. Көп аял алган Турсунбай Бакир уулу,  Адахан Мадумаров баштаган Бүтүн Кыргызстан партиясына асылып жүрүп акыры көздөгөнүнө жетти. Партия лидери А.Мадумаровдун билдирүүсүндө, шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмесин тапшыра турган кезинде, он жылдан бери өзү тарбиялап жүргөн, партиянын аппарат жетекчиси телефондорун өчүрүп, албай дайынсыз болуп кеткен. Анын натыйжасында, кагаз иштери партиянын юристине тапшырылган. Андан  кийин ажы Турсунбай Бакир уулунун тизмеси жок экендиги туурасында дооматы башталган. Талапкер Ишенбай Кадырбековдун билдирүүсүндө талапкерди каттоо БШК карай турган маселе эмес экендигин айтып, партиялык  ички маселесине токтолгон. Кечээ 3-сентябрь күнү саат 1700  гө чейин БШК “Бүтүн Кыргызстан” партиясын каттоого кабыл алып, 1800  -2000  гө чейинки тыныгуу убагында каттоого кабыл алынбагандыгын БШК төрайымы Н.Шаилдабекова оозеки билдирген. Аны уккан БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова токтомду көрсөтүүнү талап кылат. Төрайым Н.Шаилдабекова “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын шайлоого катышпоо боюнча токтомун көрсөтө алган эмес. Аталган партиялардын мүчөлөрүнүн билдирүүсүндө эки сааттык тыныгуу убагында саясий буюртманы кабыл алышкан. Буюртманын негизинде чечип чыккан. Эми бардык маселе соттон чечилмек болду.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү