2020-09-1912:31

Партиялар партиялуулугун жоготту.

2020-09-07 10:24 178

Партиялар партиялуулугун жоготту. Акыркы мезгилдерде партиялык мүчөлөр өз ордун таппай, ар кошкондордун шайлоого барышы, партияда принцип жок экендигин ачыктады. Акча көп көпөстөрдүн тандалып алынышы, жыйырмалактын катарына кириши, көз караш эмес, бийликтик кызыкчылыктын кызыкандуулугу, партиялык программаны жок кылды. Социалисттерге либералдардын кошулушу, гуманисттерге байлардын байыр алышы, партияны баш аламандыкка алып келди. Аламан шайлоо байгесинде көп жылдык партиянын мүчөлөрүнүн тебилип чекеде калышы партиялык мүчөлүктүн жоголуп баратканынан кабар берди. Пулуң болсо, партиянын мүчөсү аталып, шайлоого барасың дегендикке кептеди. Партия  программа менен эмес байлык менен болуп калды. Бийликке баруу акчага жараша, Парламент партиянын акчасына ылайык орун алып келди. Дагы эле партиянын тас кейпи күчөдү.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү