2020-09-1911:08

Добуш саткан саткындар, эл-жердин келечегин сатпа! 

2020-09-07 11:44 146

Добуш саткан саткындар, эл-жердин келечегин сатпа! Тарыхты сыйлабаган атасын сыйлабайт ... Тарых ошол ата-бабаларыбыздын жолу. Канчалаган биздин ата-бабаларыбыз эл үчүн, элдин урпагы үчүн, келечек муун үчүн өмүрлөрүн берген. Ата -бейитти аралап, бейиттегилерге куран окудум. Алардын жан дүйнөсүн жаныма алгым келди, рухтары менен дух байлагым келди. Менин байлыгым, акылым билимим, бүгүн акча таратып бийликке отурган коррупционерлер эмес, силерсиңер бейитте жаткан аталар! Жемкорлордун акырынан акча алып жем жегим келбейт!. Андан көрү силердин “көрүңөргө” көз көрсөтүп куран окуганым артык! Добушун саткан саткындарды угуп алып, силердин арбагыңардан уялам! Оо Ата-бейиттиндеги аталар!- силер биз үчүн жарыкка чыккан китепсиңер! Эки-үч миң сомго добушун саткандар, уялгыла Ата-бейиттеги аталардан!


автор: Куттумидин Базаркулов

Бөлүшүү