2020-09-1912:17

Онлайн мектеп уясын бузат

2020-09-09 10:25 347

Онлайн мектеп уясын бузат. Ушундай ойлор көпчүлүктөн чыга баштады. Ата-энелер балдарга онлайн менен окууга каршы чыгып, мектепти сагынгандарын кулак кагыш кылып жатышат. Эгерде ушундай таризде кете берсе, аксап жаткан билим, өзүнүн мектеп уялаган уясынан кол жууп, огош бетер билим пайдубал урай турган. Коомчулукту түзүү, балдар бири-бири менен аралашып окуу, мугалим менен окуучунун бетме-бет китеп окуусу да чоң натыйжа бергени анык. Андыктан, коронавирустун  экинчи толкунуна шылтоолоп билимди жоготуп албайбызбы? Андай болсо, шайлоону эмне токтотпойт. Топтолгон жүздөгөн элди эмне үчүн тыйбайт? Парадокс, чоңдор топтошсо болот, окуучулар мектепке барганга болбойбу? Билим берүү министри мындай иш кылганы, көпчүлүктүн назарына калууда. Эгер дагы ушундай өңүттө улана берсе “Кетсин!”-деген кептер угулары бышык. Ага окуу китебиндеги каталар дагы кошумча болот. Деги билим берүү министрине жарыбаган өлкө жарандары болдук.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү