2020-09-1910:56

Икрам шопурдун шопуру “Биримдик” партиясында

2020-09-09 12:00 1172

 

Икрам шопурдун шопуру “Биримдик” партиясында. Ал айтылуу Атамбаевдин жандай көргөн жанында жүргөн кошоматчы Икрам Сатар уулунун шопуру Каныбек Туманбаев тизмеде тизгинин кенен кое берип келе жатат. Илмияновдун айдоочусу кантип илинип калганы, аны ким айдап келгени таң калыштуу жомок жоргосу болууда. Бул “Биримдик-чимкирик” аталуусунан кабар берип жаткандай. Дагы бир далили, дагы эле Икрам Сатар уулунун азыркы бийлик менен байланышы бардай. Шайлоо алдында анын абактан чыгышы, анын кишилеринин өзгөчө шопурдун шопурунун шайлоого барышы таасир калтырууда. Каныбек Туманбаевдин билим жагы дагы белгисиз, көзгө көрүнбөгөн туман. Анан эмнесине бийликтин партиясы “Биримдик”,  бирин  абактан чыгарса, экинчисин ак үйгө алып келгени жатат... Он жылдан бери шопурлардан кутула албаган ак үйдүн өмүрү дагы шопурлар менен уланат окшойт. Окшошконго мушташкандар көбөйдү. Ооздон чыккан  какырык менен мурундан аккан чимкириктин айырмасынын жоктугу. Азыр эмне керек? Билимдүүлөр эмес, айдаган айдоочулар керектей ...


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү