2020-09-1912:04

БШК “Бүтүн Кыргызстанды” мыйзамсыз четтетти

2020-09-09 12:55 1008

БШК “Бүтүн Кыргызстанды” мыйзамсыз четтетти. Мындай билдирүүнү БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирип чыкты. Анын айтуусунда  “Бүтүн Кыргызстан” партиясы КР ЖКнын шайлоосуна катышууга мүмкүнчүлүк алган. Качан кечки убакта тыныгуу алганда чыр чыккан. Ошол мезгилде башкача айтканда 1753гө чейин  компьтердеги иш столунда ар бир БШК мүчөсүндө аталган партиянын өткөндүгү боюнча маалымат илинип турган. Качан БШКнын төрайымы Н.Шаилдабекова менен бирөөлөр телефон чалып сүйлөшкөндөн кийин 1800  дөн баштап, тыныгуу жарыяланып “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын өтпөй калгандыгы боюнча айтыла баштаган. Кандай болгон учурда дагы мындай чечим мыйзамсыз экендигин БШК дагы бир мүчөсү Кайрат Осмоналиев дагы билдирди. Учурда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тарапташтары БШК алдында мыйзамдуулукту талап кылып чыгышууда. Айта кетсек аталган партияны чет өлкөдө жүргөн көпчүлүк мигранттардын  колдоосуна ээ болуп келген. Ошондой эле Атыр Абдрахматованын  айтуусунда БШКнын төрайымы Н.Шаилдабекова күтүүсүз отставкага кетүүсүн белгилеген.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү