2020-09-1910:46

Топтошкон эл А.Мадумаровду элдик лидер атады

2020-09-16 09:10 403

Топтошкон эл А.Мадумаровду элдик лидер атады. БШК “Бүтүн Кыргызстан” партиясын КР ЖКнын 4-апрелдеги шайлоосунан мыйзамсыз четтеткенин сот аныктап берди. БШК бир жолу шаардык, экинчисинде жогорку соттон “Кыргызстан” партиясын мыйзамсыз четтеткен деп табылса, бул жолкусунда “Бүтүн Кыргызстанды” чектеткендиги үчүн бир жолку сот отурумунан жеңилип берген. Анын негизинде БШК жогорку сотко кайрыла алган эмес. Бир жума боюу аталган партия өзүнүн эл аралаган үгүт укугунан ажырап калган. Бирок, көпчүлүк калктын айтуусунда тескерисинче сот отурумдарынан “Бүтүн Кыргызстан” партиясы чоң упай топтоп алганы айтылып келет. Жүздөгөн мигранттар учак белеттеринин баа чапчыган бааларына карабай колдогон партиясы үчүн учуп келишкен. Топтошкон топ эл “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровду “элдик лидер” атап жиберишти.  


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү