2020-10-2511:04

Маданият кызматкерлери бардык партияларга каршылык көрсөтөт

2020-09-18 09:28 674

Маданият кызматкерлери бардык партияларга каршылык көрсөтөт. Мындай билдирүү менен төкмө акындар Азамат Болгонбаев, Аалы Туткучевдер ырлары менен төгүп чыгышты. Ошондой эле ушундай каршы акциясына обончу, аткаруучу Сыймык Бейшекеевда ачык айтып чыккан. Булардын катарын бир катар коомдук ишмерлер, журналисттер, кызмат ордунан бошоп калган аткаминерлер, жарандык коом уюмдары толуктаган. Алардын белгилөөсүндө баягы эле ичип-жеп тойбогондор, кайталанма шайлоонун болушу, келечекти аталган партиялардан көрө албай жаткандары себеп болгон. Серепчилердин белгилөөсүндө бардыгына каршы добушу бийлик тарабына ооп, аны пайдалануу ыкмасына колдонуп кетүү коопсуздугу бар экенин кулак кагыш кылышууда. Андыктан шайлоого барып, добуш берүүгө чакыргандардын саны да арбын.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү