2020-10-2511:51

Коалицияны айта албай “какап” калган талапкер

2020-09-18 10:46 810

Коалицияны айта албай “какап” калган талапкер. Талапкерлерден так айта албай такалып калган талапкер чыкты. Ал “Биримдик” партиясынан бара жаткан Махабат Мавлянова айым аталды. Мурунку чакырылыштагы депутат айым мындай сөздү көпчүлүктүн трибунасынан какап калышы трибунаны жаратты. Ушунча жыл КР ЖК отуруп, ушул сөздү айта албаганы уят көрүндү. Бирок,  анткен менен көпчүлүктүн сүрү дагы болушу мүмкүн. Сүрдөй берсе эл тарабынан айтыла берип сүрүлүп калбайбы? Айта кетсек, М.Мавлянова кытайларга виза берип, алардын кирип-чыгуусуна шарт түзүүнү сунуштаган жери бар. Ал сунушу менен калктын каарына калган. Эми “коалиция” сөзүн айта албаганын көргөндөр Д.Жумабековдун, Т.Икрамовдун “макалё, чакуруктар, саксалюнун” катарына кошуп жибергендер да болду. Эми “кааласын” сөзү жаңырып жаңылыкка айланды.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү