2020-10-2511:32

Марат Аманкулов аман эле болсун ...

2020-09-28 10:40 239

Марат Аманкулов аман эле болсун ... “Биримдик” партиясынын төрагасымын деп, өзүн Россиялык отурумда тааныштырган Марат Аманкулов “Биз отуз жылдан бери өз алдынча эркин болдук, эми кайра  кайтып келишибиз керек”-деп баса белгилеген. Мындай сөзү менен, аталган партиянын лидери Кыргызстан өлкөсүнүн эгемендүүлүгүнө көлөкө түшүргөнү кеңири чөйрөдө талкууга түштү. Анын натыйжасында, борбордук “Ала-Тоо” аянтынын “Ак Таш-КараТаш” эстелигинин жанында митинг өткөн. Ага 4-октябрда боло турган КР ЖКнын шайлоосуна катыша турган партиянын мүчөлөрү, жарандык коомдун өкүлдөрү, коомдук уюмдар, өлкөнүн келечегине кайдыгер эмес жарандар катышкан. “Марат Аманкулов чыккынчы” “Биз эгемендүүлүктө жашайбыз” “Аманкулов жооп берет, шайлоодон четтетилсин”-деген талаптар коюлган. Ал эми Марат Аманкулов мындай көрүнүштөр  шайлоо алдындагы провокация экенин билдирген. Кандай болгон учурда да өлкөнүн эгемендүүлүгүнө жаракка кетирген кеп-сөздүн видеосу соцсеттерде кулачын жайып тарап кеткен.  


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү