2020-10-2510:32

Бийлик көрбөгөн ыктыярчыларга Бабанов көз салды

2020-09-28 12:41 249

Бийлик көрбөгөн ыктыярчыларга Бабанов көз салды. Кечээ күнү саясаттан кеттим деген Өмүрбек Бабанов саясатка кайра кайтып келгендей сүр көрсөттү. Ал айбат кимге экенин айтпаса да түшүнүктүү. Өзүнүн “Азия молл”  соода борборунун алдында “Жылдыз аллеясын” ачып, анда “COVID-19” дартынан каза болгон, өзүнүн айтуусу боюнча көзү өтүп кеткен баатырларды эскерип, боору ачыганын ачык көрсөттү. Ошондой эле көпчүлүк ыктыярчыларга бийлик көңүл бөлбөй калган бөлүгүнө көңүл бөлүп, ыраазычылыгын билгизип, белектерин берди. Муну менен Өмүрбек Бабанов бар экенин билгизип, “Республика” партиясына колдоо, дем-күч берди. “Алдыга жол” ураандын алдында дагы эле  Өмүрбек Бабанов турат. Бул жолдун жолу улайбы же адатынча куйругун түйүп кетеби, аны убакыт көрсөтөт.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү