2020-10-2511:23

Текебаев “көрөгөчтүк” кылса, Атамбаев  “көр” болуп койгон

2020-09-28 12:50 301

Текебаев “көрөгөчтүк” кылса, Атамбаев  “көр” болуп койгон. Ата-Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев мородёрлор боюнча Атамбаевдин өзүнүн айланасында айланып жүргөнүн “Азаттык” радиосунан ачык эле айтып чыккан. Мына бүгүн көз көрүнө мородёрлук кылып өлкөнү тоногондор бажы, ички иштер министрлигинен, коопсуздук кызматынан чыкканы ачык. Ошондой эле өзүнүн “жанындай” көргөн, жанында жүргөн шопуру Икрам сатып кетерин да айтыптыр. Чынында эле Абдил Сегизбаев, Болот Сүйүмбаев, Данияр Абдыкааров,  Икрам Сатар уулу деген эргулдар саткындык кылгандары акыркы күндөрү көрүнө баштады. Сегизбаев, Сүйүнбаевдер абакка отурбайт, отурган Икрам эркиндикке чыкты. Данияр, Раимдер дагы эле баш бармактары менен май жалап турган учурлары. Ал эми сөздөргө көңүл бурбаган Атамбаев өзү баш болуп, балдары менен баштарын мыкчып отурат.


автор: Баян

Бөлүшүү