2020-10-2510:26

Бир жумадан кийин бийлик алмашат

2020-09-30 09:35 411

Бир жумадан кийин бийлик алмашат. Бул окуя 2020-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын шайлоосунан кийин болот. Анда өкмөт башчы Кубат Бороновдун ордун, өткөн партиялар калчайт. Бороондуу күндө калып, Боронов кеткенде кандай партиялар келет, азырынча божомолдор болгону менен табышмактуу болуп турганы ачык. Ал эми өкмөт кетери менен анын толук курамы бийликтен кол жууп турганы ачык көрүнүш. Дагы бир бийликтеги көрүнүш, тымызың-тыпырайып саясий чөйрөдө кеп-сөзгө  алынбаган  КР Президентинин аппарат башчысы Досалы Эсеналиев дагы ордун бошотуп берери ачык айдыңда айтыла баштады. Шыбыр кулактардын кулак салуусунда “Кыргызстан” партиясы, азыркы спикер Дастан Жумабековду Атына мине албаса дагы өкмөт башчыга даярдап жатышыптыр. Кулак уккан сөз чын болуп калчу эле. Кудай сактасын!


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү