2020-10-2511:46

Динара, Даниярдын арбагына куран окуткан жок

2020-09-30 11:42 139

Динара, Даниярдын арбагына куран окуткан жок. Эгерде ушундай болсо, Данияр Үсеновдун бир туугандары келинин жаман эле көрсө керек. Жок дегенде өлүгүнө кырк күн жесирдигин өткөрүп “кара жоолук” дагы салынган жок. Өзүн-өзү өлүк атаган Даниил Урицкий дагы өзүнүн арбагына куран окутпаган Динара Исаевага нааразы болсо керек. Болбогурдун кызыктары кызый баштады. Мына биздин элита деп жүргөн саясатчылардын сасыктыгы. Жадаганда, өздөрүн өлүк атап да жиберишет. Күйөөсү өлдүм деп чет өлкөлөп жүрөт, аялы күйөөм өлдү деп ак үй-көкүйлөп көкөлөйт. Буларды көкөлөткөндөр дагы, көпөс кылгандар дагы Кыргызстандын Ак үйүнөн чыккан анабашчылар. Алар Акаев, Бакиев, Атамбаев жана алардан кем калбаган азыркылар. Куудул Абдылданын айтканындай “Биримдик” партиясынан бараткан Динара Исаеванын орду 700 миң доллар турат экен. Мына кызуукандуулукка алынган саясат. Бийликтин беделин түшүргөн Динара! Кыргыздын кулк мүнөзүн түшүргөн Данияр!


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү