2020-10-2510:47

Манас Баатырга Михаилдин Аты жарашмак

2020-09-30 12:03 174

Манас Баатырга Михаилдин Аты жарашмак. Бишкек шаарынын борбордук “Ала-Тоо” аянтында турган Манас Баатырдын айкели көп сынга алынып келгени маалым. Өзгөчө Баатырдын минген тулпары Кунанга окшошуп калганын белгилеп келишкен. Айтор, эстелик келишпей калган. Ал эми “Эркиндик” паркынын аянтындагы, темир жол бекетинин маңдайындагы революционер Михаил Фрунзенин эстелиги келишип, келбеттүү турат. Эмне үчүн Манас Баатыр Кунанга минип, Михаил албеттүү Атка минген. Мындай жайлар менен түздөн-түз  иштеген Маданият министринин андай маданий-идеологиялуу иштер менен иши жоктой. Ушундан эле билсе болот, союздун идеологиясы менен эгемендүүлүктүн идеологиясынын айырмасын. Манас Баатырдын эстеликтери боюнча атайын иш-чара кабыл алыш керек. Министр Азамат Жааманкулов Баатырга келгенде чоң көзүн дагы чоңураак ачып, элдин рух-духун көтөрүш керек. Деги эле Эл Баатырын эл колго алса.


автор: Баян

Бөлүшүү