2020-10-2511:27

Мирлан Бакировдун мээсинин жеткени ... 

2020-10-02 08:57 410

Мирлан Бакировдун мээсинин жеткени ... Көпчүлүктүн көп сынына калган Мирлан мырза эмне деп сүйлөгөнүнүн маани-маңызын деле өзү түшүнбөгөндөй. Мындан эки күн мурун лидерлердин теледебатында “Бир бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов : “Мирлан лидер эмес жалданма, анын деңгээли ылдый, керек болсо депутатка татыктуу эмес”-деди. Андан мурун Мирлан Бакировду чогуу алып жүрүп, депутатка чейин көтөргөн Бакыт Төрөбаев: “Мирлан абийирин сатты”-деп журналистке интервью берген. Ал эми өзү 02 формасында элди ар кайсы жакка ташып партиясына добуш алганы боюнча  кыргыз элинин көчмөндүгүнө шилтеме кылган. Депутаттын креслосунан  “Таарынгандар Памирге көчүп кеткиле”-деп кекетип, бакырды эле. Өзүн билбей элди тилдегени менен, элге сөзү өтпөгөн Мирлан Бакиров дагы канча убакытка чейин бакылдайт болду экен.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү