2020-10-2510:30

Мага сабак берген аксакалдар, агай-эжекелер!

2020-10-02 11:35 164

Мага сабак берген аксакалдар, агай-эжекелер! Мен бала кезинде көргөн айыл аксакалдарды, окутуп-тарбиялаган айылдык агай-эжекелерим  менен сыймыктанам. Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында төрөлгөм. Атамдын аты Дербишалы. Атам менен чогуу жүргөн, бир көчөдө жашаган: Өмүралы, Мүсүралы, Калдарбек, Акбай, Балакей, Касымаалы, Жолдошбек, Төрөкан аксакалдарыбыздын элестери бүгүнкүдөй көз алдымда турат.Өзгөчө, алардын сабырдуулугу, сөз көтөрүмдүүлүгү, сөзгө чечендиги, тамашалары, карта ойноп отургандарын өздөрү жок болсо дагы, бүгүнкүдөй көрүп турам. Алардын сөздөрүн кулагыма сиңирип алуу үчүн, атайын эртең менен эрте туруп, короодогу жандык малдарды короого кошчу элем. Ал эми мени окуткан Тоту, Кайбалы, Түтөбай, Кенжебай агайлардын, Турдубиш, Зейнеш, Алтын, Солидат, Шарипа эжелердин сабактары мага сабак болду.Ошолордун эл-жер деп айткан сөздөрүнөн эл-жер кыдырып, чыгармачыл адам болдум. Мага айткан акыл насааттары, сабактары, арнаган сөздөрү, менин айылдаш аксакалдарым, агай-эжекелеримдин бирөөсү дагы биздин укугубузду тебелеп добушту буга салгыла”-деген эмес. Урматту агай-эжекелер! Сиздердин окуучуларыңыздар дагы сиздер менен менчилеп сыймыктансын. Мен сыймыктанчу адамдарым жөнүндө дагы улантам.


автор: Куттумидин Базаркулов

Бөлүшүү