2020-10-2511:07

Биринчи бийликтин, байлыктын партиялары өтүп келген

2020-10-05 12:17 212

Биринчи бийликтин, байлыктын партиялары өтүп келген. Мындай көрүнүш бүгүн эле эмес, отуз жылдан бери көзү көрүнө келе жатат. Мындан мурунку шайлоолорго көз чаптырып кетсек, Акаевдин жакындары, Салымбековдун санаалаштары өтүп келсе, Бакиевдин байлык тарапташтары, Максимдин достору калчап калса, 2010-жылдан бери Атамбаевдин шопур-күзөтчүлөрү күн көрүп келсе, Бабанов байлыгы менен “Республика” партиясы алдыга чыгып келген. Азыркы тапта да бийлик, байлык жеңди. Анын натыйжасында, бийлик партиясы “Биримдик” 46 мандат, байлыктуу Матраимовдун партиясы “Мекеним Кыргызстан” партиясы 45 мандатка ээ болду. Эми мындай салттан кайтыш керек. Эл, партиялар көздөрүн чоң ачканга мезгил келди. 


автор: Баян

Бөлүшүү