2020-10-2511:55

Бабанов маарага жетпей, Матраимов маарадан ашып кетти

2020-10-05 12:41 232

Бабанов маарага жетпей, Матраимов маарадан ашып кетти. Раиммиллион утуп, Бабанов утулду. Эгер ушундай темп менен кетсе эки жылдан кийин Өмүрбек Бабанов Президент болбой, Раим Матраимов өлкө башчысы болот. 2010-жылдан бери капчыктуу, каржылуу аталып келген Бабановдун “Республика” партиясы маарага жетпей, маарадан Матраимовдун “Мекеним Кыргызстан” аталган партиясы ашып кетти. Серепчилердин айтуусунда, Өмүрбек Бабанов коркоктугунан көп нерседен кур кала турган болду. Суу жүрөктүгүнөн бирде саясаттан кетип, кайра кайтып, Россияга чемоданын көтөрүп жөнөсө, учактан учуп кайра өлкөдө пайда боло калат. Эми минтип партиясы Матраимовга аламан бийликти алдырып отурат. Кетенчиктеп кечиккен  Өмүрбек Бабанов.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү