2020-10-2511:31

Токсонду алам деп, тоңкойгондор!

2020-10-09 12:27 475

Токсонду алам деп, тоңкойгондор! Алардын катарына катарлаш  “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” партияларынын Жогорку Кеңештин шайлоосуна аттанган талапкерлер кирет. КТРКнын теледебатында “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун  “Биримдик” партиясынын экинчи катарында турган Улукбек Кочкоровду ушул партия менен чөгөсүң деген. Ошол айтканы ошондой болду. Төрдөн орун алам деген Төрөбай Зулпукаровдун башы жертөрөөгө кирип кетсе керек, эгерде бетинде кичине кызарган жери болсо. “Пулуң болсо, кулуңмун”-деген Мирлан Бакиров эми кантип Төрөбай аксакалдын бетин карайт, караган бети жерге эле кирип кетпедиби. Мегакомдун Жаманкуловуна жаман эле болду. Ал каматкандардын  баары эркиндикке чыгып алды. Бийлик бизге келди деген көпөс Асылбек “көтөрүм” болуп көктөн жерге “күп”-дей түштү. Айтор, бардыгы  өзү менен өзү болуп, баягылар баягысын карматып, баягы жаңы жугундуну издей башташты.  Сокени сооротор эч кимиси калган жок. Соке соройуп жалгыз калды.    


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү