2020-10-2510:24

КР ЖКнын депутаты Аида Касымалиева С.Жапаровдун өкмөт башчылыгын тааныбайт

2020-10-12 11:02 4195

КР ЖКнын депутаты Аида Касымалиева С.Жапаровдун өкмөт башчылыгын тааныбайт. Бүгүн биринчи күндөн баштап үч жыл качып жүргөн, үч жыл абакта жаткан Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыгына дайындалышы талаш-тартышка түштү. 10-октябрда өткөн Жогорку Кеңештин жыйыны мыйзамсыз экенин, жыйындан чыгып кеткен Аида Касымалиева, “Кыргызстан” фракциясынан он депутаттын атынан чыгып сүйлөгөн Канат Исаевдар ушундай билдирүү таркатышты. Эл тарабынан “чимкирик” аталып келген эл өкүлдөрү, дагы чимкириктигин көрсөтүп жатышабы ... Депутаттар чогула албай жатса, эл өлкөдө туруктуулукту күтүп жатат. Аида Касымалиеванын айтканына караганда биринчи вице премьер-министр Алмаз Батырбеков өкмөт башчылык милдетин аткарыш керек. Ал эми төраганын ордун Мирлан Бакиров эмес өзү болуш керек экенин белгилеген. Талаш-тартыш дагы жарала берсе анда өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков менен Садыр Жапаровдун ортосунда да жарылуу болушу мүмкүн.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү