2020-10-2511:12

Оңбогурлар оңолгула, өлкөнүн келечегин ойлогула!

2020-10-14 09:36 472

Урматтуу Мекендештер, эгемендүү өлкөмдүн эркин эли! Лигитимдүү жана лигитимсиздер! Лидерлер, революциячыл жаштар, топ башчылары, коомдук уюмдар, бийлик талашкандар, интелегенция баарыңыздарга бүгүнкү акыбалга кайдыгер карабаган жаран катары кайрылып жатам. Баарыбыз көзүбүздү жакшылап ачалы, өлкөбүдү көздүн карегиндей сактап калалы! Бийлик талашып бириндебейли! Текебер амбиция менен эмес сезимтал эмоция менен карайлы! Эгерде ушундай темп менен кетсек өлкөбүздү жоготуп алуу коркунучунда турабыз. Бүгүнкү кылгылыкты кылып, эртең карайлап калбайлы. Мыйзам талаасына келбесек, талаалап калабыз. Күчтүүлөр күч колдонгон менен аны башка күчтүүрөктөр колдонуп кетип, ортодо колжолуук болуп калбайлы. Бийликке эл ишеним менен келели, ал шайлоо мыйзамы. Эмнеге бийликке минип алсам, эртеңки шайлоодо утуш меники деген баягы, баягыдай оюндарды токтотолу. Кулагыңарга түйүп алгыла, чындык, адилеттүү күрөштөн качкандар, эртең өлкө качкыны болосуңар. Ал биздин эгемендүү өлкөнүн баскан изинде бар. Эмнеге качып кеткендерди көрбөй “көр” болуп калдыңарбы? Арамзалар, арам оюңарды токтотуп, адилеттүүлүктүн адал ишине түшкүлө. Жеке тар пейилдүүлүккө эмес, кең-кенен оң жолго түшүп пейлиңиздерди оңдогула. Оңбогурлар оңолгула! Урматтуу Аксакал аталар, бир уучтун сөзүн сүйлөбөй калайык-калкты ортого салган калыс кебиңерди айткыла. Эл баатырлары, элге батынып өлкөнүн сөзүн сүйлөгүлө. Партия лидерлери, шайлоо менен бийликке келгиле! Шайлоо таза өтүш үчүн ар бир партияны таза күрөшкө, чындык аянтына чакырам! Кудай таалам! Ар бир адамга каражат акчасын берген эмес, жан дүйнө берген. Жан дүйнөңөр дүйнөгө чыгып жаныңар бекем, өмүрүңөр узун, ден-соолугуңар чың болсун. Эгемендүү элимдин, эркин эли! Жашасын Кыргызстаным!


автор: Куттумидин Базаркулов

Бөлүшүү