2020-10-2510:18

Бүгүнкү акыбал лигитимдүүлүккө келиши керек

2020-10-14 11:14 290

Бүгүнкү акыбал лигитимдүүлүккө келиши керек. Мындай билдирүүсүн “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров “Азаттык” радиосуна интервью берип жатып билдирген. Анын журналистин суроосуна берген жообунда “кеп өкмөт башчы болуп алышта эмес, кеп дүйнөлүк арена биздин өлкөну тааныйбы”-деген. Чындыгында ушул убакытка чейин өкмөт башчы Садыр Жапаровду эч ким тааныган эмес. Европалык өлкөлөр лигитимдүү өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков менен гана сүйлөшө тургандыгын билдирип чыгышкан. Ошону менен бирге Адахан Мадумаровдун айтуусунда эгер Президент Сооронбай Жээнбеков ишти таштап кетсе өлкө туңгуюкка кептелерине токтолуп кеткен. Азаттык журналисттин кабарында 10-октябда Жогорку Кеңештин жыйынында 41 депутат гана катышкан. Ал эми бүгүн 14-октябрда Садыр Жапаровду Жогорку Кеңештин жыйнында 80ден ашык депутат колдоп берди.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү