2020-10-2511:49

Жапаров Садыр Нургожоевич. Өмүр баяны

2020-10-16 10:07 1157

Садыр Жапаров 1968-жылдын  6-декабрында Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында туулган. 1987-1989-жылдары Аскер кызматын өтөгөн. Эки жогорку билими бар. 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия институтун (азыркы Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия жана спорт академиясы, Бишкек), 2006-жылы Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин сырттан окуу бөлүмүнүн юридикалык факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

·         1991-1994 — "Солтонкул" дыйкан чарбасынын жетекчиси;

·         1994-1996 — "Кергей" нефти компаниясынын директору;

·         1996-1997 — Ысык-Көл облустук ИИМдин атайын ротадагы инспектору;

·         1997-2001 — Мунай зат ташыган "Гузель" компаниясынын башкы директору;

·         2001-2005 — Балыкчы шаарындагы "Нурнефтегаз" мунай компаниясынын башкы директору;

·         2005-2007 — Жогорку кеңештин депутаты, "Келечек" фракциясынын жетекчиси;

·         2006 — Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын мүчөсү;

·         2007 — Мунапыс берүү боюнча комиссиянын жетекчисинин орун басары;

·         2008-2010 — Жемкордукту алдын алуу улуттук агенттигинин комиссары;

·         2010-2013 — Жогорку кеңештин депутатты, сотттук-укуктук маселелер боюнча комитеттин жетекчиси.

·         2017-жылы 25-мартта Садыр Жапаров кыргыз-казак чек арасынан кармалган. Экс-депутат 2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган деп айыпталып, 10 жылга кесилген.

Жапаровдун жактоочулары чечимди өзгөртүү үчүн Аламүдүн райондук сотуна кайрылышкан. Бирок өкүм өзгөрүүсүз калган.

2017-жылы сентябрда саясатчынын атасы Нуркожо Мустали уулу каза болуп, Садыр Жапаров топурак сала албай калган. 2019-жылы мартта апасы Кадича Жапарова көз жумса, август айында уулу Дастан жол кырсыгына кабылып мерт болгон. Апасы менен уулуна топурак салууга уруксат берилген.

·         2020-жылы 6-октябрда митингге чыккан эл тарабынан абактан бошотулуп, премьер-министрликке көрсөтүлгөн.

·         2020-жылы 14-октярбда Кыргыз Республикасынын премьер-министри болуп бекиди.





автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү