2021-07-2413:37

Саткын Сокени сатып жаткандардын саны өсүүдө

2020-10-19 09:47 1826

Саткын Сокени сатып жаткандардын саны өсүүдө. Мурунку өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун айыбын ачкандар арбып баратат. Анын досу Алмазбек Атамбаевдин жээгинен кандай өтө качса, Жээнбековду да жээктей качкандар көбөйдү. “Биримдик” партиясына жан үрөп жүргөндөр Улукбек Кочкоров, Аида Исмаиловалар Жээнбековду шыбыр кулак аркылуу шыбырап жамандай башташкандары акырындык менен айтыла баштады. Акыры ушуга келип такалды. Ал баягы эле баягылардын саткындыгы. КР ЖКнын депутаты Кожобек Рыспаевдин ич көптүсү дароо сыртка чыгып, мурунку шефи Сооронбай Жээнбековду “иштей албай койду”-деп адатынча айкырып салды. Алдыда дагы кызыктар бар.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү