2020-12-0214:43

Камчы, Камчыны камайм деди

2020-10-19 12:31 855

Камчы, Камчыны камайм деди. Азыркы өлкө башчынын милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өзүнүн буйругу менен, жандай досу Камчы Ташиевди Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы кылып дайындагы. Дароо эле өзүнүн кызматына киришкен Камчы Ташиев миллиондогон акчалары менен атагы Республиканы жаңырткан Раиммиллионду, эртеси эле камоого киришкен. Ага тапшырма берген. Дагы көпчүлүктүн көйгөйүнө, кеп-сөзүнө айланган уурулардын мыйзам башчысы Камчы Көлбаевди бандиттери менен кошо камайм дей баштады. Аларды бандиттик жолдорун токтотпосо көрө турган күндөрү жок экенин эскертти. Эгерде мындай жол улана берсе Камчылар камчылашкан кармаш башталабы? Мындай учурда бийлик өзүнүн күчүн көрсөтүп, камчы Көлбаевдин үйүр тобун үйүлтпөй топуратып качырабы?


автор: Баян

Бөлүшүү