2020-12-0215:36

Ф.Кулов Сооронбай Жээнбековду сотко берет

2020-10-21 09:49 4263

Ф.Кулов Сооронбай Жээнбековду сотко берет. Феликс мырза, 2020-жылдын 15-октябрында бир топ аттуу-баштуу адамдардын көзүнчө, Сооронбай Жээнбековдун көзүнө карап туруп Президенттик резиденциядан айткан. Ошол айткан сөзүнө туруп кагаздарын даярдап жаткан кербези. Саясий ишмер Ф.Куловдун мындай билдирүүсүндө, өлкөнү ушундай кыйын акыбалга алып келгендигин, калкка кыйынчылыкты кептеп, өлкөнү таштап кеткендиги чоң себеп болгон. Доомат коючунун айтуусунда, ал өлкөнү азыркы талаш-тартыш маселелерди чоң көйгөйгө айлантпай, шайлоо күнүн тактап, шайлоону өткөрүп, жаңы Парламенттик түзүмдөн кийин, жакшы сөзүн айтып кетсе болмок. Ошол күнү 15-октябрдагы саясий, коомдук ишмерлердин жолугушуусунда Сооронбай Жээнбеков шайлоону өткөрүп коюп кетерин убада кылган. Андан жарым саат өтпөй сөзүнөн кайтып, отставкага кетүү жөнүндө арыз-мууңу жарыяланган.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү