2021-07-2412:50

Раимдин операция “Ы” планы

2020-10-21 11:22 580

Раимдин операция “Ы” планы. Социалдык түйүндөрдө Раиммиллиондун түйүнчөктөрү түрүлүп түрдүү түйүнчөктөрдү көрсөтүүдө. Ар кандай түйүнчөктөрүнүн ар кандай түрдүү сырлары бардай. Ачыла элек сандыкта бычыла элек акчалары катылып жаткандай. Кечээ күнү Республикалык коопсуздук комитетинин жанындагы май коюучу жайынан, май куюп жаткан кезинде, жанында аял киши менен жүргөн жеринен Раим Матраимов коопсуздук комитетинин тергөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин колуна түшүп берди. Ырас, өзү келип калыптыр. Тергөөгө кирери менен мамлекетке 83 млн сом акча каражатын мамлекеттин эсебине төгүп берген. Жалпы суммасы 2 млрд сом акчаны ноябрь айы ичи төгүп берерин убада кылган. Дароо Раимдин акча төгүп жатканы, ал күнөөсүн мойнуна алып жатканынан кабар берет. Дагы кандай көрсөтмөлөр болот, аны убакыт көрсөтөт. Тергөө амалдары жүрүп жатат. Азырынча Раим Матраимов үй камагына чыкты. Кээ бир серепчилердин талдоосунда, бул шайлоого карата камылга көрүлгөн азыркы бийликтин айла амалдары болушу мүмкүн. Мындай мүмкүнчүлүктөн эмне болуп чыгат, аны Раимдин операция “Ы” планы көрсөткүдөй.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү