2020-12-0215:26

Өлкөнүн эки багыты бар: жүгүнү же эркин жүрүү

2020-10-21 12:43 764

Өлкөнүн эки багыты бар: жүгүнү же эркин жүрүү.  Мындай эки багытты КР ЖКнын депутаты, Ата-Мекен фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин трибунасынан айтып чыкты. Ал бүгүн трибунага чыга турган ниети жок экенин айткан, бирок анын кеп-сөз айтуусуна бүгүнкү кырдаал жана “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов түрткү болгон. Өмүрбек Текебаевдин айтканы “Биз бүгүн, бүгүнкү мыйзам менен кетсек мыйзам талаасында болобуз. Эгерде башка жолду сунуштагандардын жолу менен барсак, анда Түркменстандай болуп өлкө башчысына жүгүнүп бересиңер. Азыр деле арабызда жүгүнүп бергендер жүрөт. Андыктан мыйзам талаасына келели.”-деди. Албетте, Зарылбек Рысалиевге окшогон кошоматчылар дагы чыгып, ишин эми баштап жаткан Садыр Жапаровду Көлдүк экенине сыймыктанып, Жусуп Абдрахмановго теңеп жиберди. Эске салсак, генерал Зарылбек Рысалиев уурулардын анабашчысы Азиз Батукаевди “Манас” аэропортуна чейин “узатып” жиберген.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү